Иран Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылына (хуситтерге) көрсөтмө бербейт жана анын аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 24-сентябрда билдирди.
«Хуситтер өздөрүнүн аракеттери үчүн өздөрү жооп беришет. Алар бизден көрсөтмө алышпайт», — деди ал Fox News телеканалына берген маегинде.
Пезешкиан Иран бийлиги хуситтер менен «байланышып турушарын» белгилеп, аларды «аймактагы өздөрү дуушар болгон кырдаалга байланыштуу каршылык көрсөтүп жаткан кыймыл» катары мүнөздөдү.
«Системалуу мамилелер жок», — деп кошумчалады Иран президенти.
Йеменде Сауд Арабиясы колдогон өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин ортосундагы тирешүү 2014-жылдын август айынан бери уланып келет. 2014-жылы хуситтер өлкөнүн түндүк бөлүгүн жана борбор Сананы көзөмөлгө алган. 2015-жылдын март айында Сауд Аравиясы баштаган коалиция Йемендин таанылган өкмөтүн колдоо үчүн хуситтерге каршы аскердик операция баштаган.
Хуситтер өлкөнүн түндүк бөлүгүндө жана Кызыл деңиздин жээгиндеги бир катар аймактарда көзөмөлүн сактап келет. Алар Баб-эль-Мандеб кысыгына жакын аймактарда да олуттуу таасирге ээ.
2022-жылы БУУнун арачылыгы менен ок атышууну токтотуу режими киргизилип, согуш аракеттери бир кыйла азайган. Бирок туруктуу саясий макулдашууга жетишилген эмес.
2026-жылдын август айынын соңунда жана сентябрдын башында Йемендеги кырдаал кайрадан курчуп, хуситтер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар күчөгөн. Муну менен катар хуситтертин Сауд Арабиясы менен да сокку алмашуулары уланууда. Бул Кызыл деңиздеги коопсуздукка жана Баб-эль-Мандеб аркылуу өткөн эл аралык деңиз каттамдарына байланыштуу тобокелдиктерди күчөтүүдө.



















