Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Азербайжандын президенти Илхам Алиевге көңүл айтуу катын жолдоду.
Caliber.Az билдиргендей, билдирүүдө:
«Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен!
Урматтуу Азербайжан Республикасынын Президенти, мырза Илхам Алиев.
Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Азербайжан аба жолдоруна таандык учактын кыйрашы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Сизге жана урматтуу азербайжан элине, өзгөчө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Алла Тааладан маркумдардын жандары жайланышын, жаралуулардын сакайып кетишин тилейм».
Белгилей кетүүчү жагдай, Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түшкөн.
Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.
Бортто экипаждын беш мүчөсүн кошкондо жалпы 69 киши бар болчу. Азербайжандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Зейналов 31 киши аман калганын билдирсе, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда аман калган 29 кишинин 27си ооруканага жеткирилген, 11и реанимация бөлүмүндө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кулаган учакта үч кыргыз жараны болгонун тактады. Мекеменин маалыматына караганда, азыр үч жаран тең Мангыстау облустук ооруканасында жатат. Алар 2004, 1998, 1988-жылы туулган жарандар.
Биринин абалы оор, калган эки жарандын өмүрүнө коркунуч жок экени, баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды.
26-декабрда Азербайжанда аза күтүү жарыяланды.



















