Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча эч кандай сунуш болгон жок, деп билдирди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Интерфакс” агенттигине.
“Жок. Эч кандай сунуш болгон жок. Биз бир нече жолу Путин байланыштарга ачык экенин билдиргенбиз», – деп жооп берди ал Берлинден Шольц менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү боюнча суроо-талап болдубу деген суроого.
11-октябрда Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Украина адилеттүү тынчтыкка даяр экенин, бирок орус жетекчилиги согушту жөнгө салуудан баш тартып жатканын билдирген. Анын айтымында, Путин “Германиянын канцлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө да даяр эмес”….
















