Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин да өлкөдөгү жаңы курал-жарактарды жасаган адистерди жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлаган, бирок алардын ысымдары «түшүнүктүү себептерден улам» ачыкка чыгарылбай келген.
Бул тууралуу 4-ноябрда Кремлде «Буревестник» жана «Посейдон» долбоорлорунун жаратуучуларын сыйлоо аземин комментарийлеп жатып, мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Журналисттер Песковдон, Игорь Курчатов сыяктуу советтик атом өнөр жайынын негиздөөчүлөрүнөн кийин, мамлекет жетекчилери өлкөнүн «өзөктүк калканы» үчүн эмгектенген адамдардын ысымдарын эмне үчүн эч качан ачык айтпаганын сурашты. Песков бул маалыматтардын, анын ичинде окумуштуулардын ысымдарынын да, жабык маалымат жана жабык жарлыктарга тиешелүү экенин ырастады.
«Бул жаңы көрүнүш эмес. Президент буга чейин да жаңы курал-жарактарды жасаган адистерди жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен бир нече жолу белгилеген», — деди Песков.
Анын айтымында, жаңы курал түрлөрүн жаратуу — Россиянын коргонуу жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү окуя болуп саналат.
4-ноябрда, Эл биримдиги күнүндө, Владимир Путин Кремлде «Буревестник» канаттуу ракетасынын жана «Посейдон» адамсыз башкарылуучу суу алдындагы аппаратынын жаратуучуларын сыйлады. Мамлекет башчысы бул «күчтүү, натыйжалуу жана уникалдуу куралды» жараткан бардык адистерге ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, адистер жетишкен натыйжа Россиянын тарыхында жана өлкөнүн коопсуздугу менен стратегиялык тең салмактуулугун камсыз кылууда ондогон жылдарга чейин маанилүү ролду ойнойт.
Мунун алдында Россияда Батыш өлкөлөрүнүн «Буревестник» жана «Посейдон» долбоорлорунан улам дүрбөлөңгө түшкөнү тууралуу да билдирилген.
















