Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Пентагондо жыйырмага жакын генералдар кызматтан алынды

  • Америка
  • 03.04.2026 17:22

Loading

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет жогорку даражадагы жыйырмага жакын америкалык офицерди кызматтан алды, алардын ичинде АКШ армиясынын штаб башчысы генерал Рэнди Джордж да бар. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Масштабдуу кадрдык «тазалоо» Иран менен согуш жана мүмкүн болгон жер үстүндөгү операцияга даярдык фонунда өтүүдө — 82-аба-десанттык дивизиясынын бөлүктөрү Жакынкы Чыгышка жайгаштырылды. Бирок мындай операцияны бардык аскерлер жана эксперттер колдой бербейт. Мисалы, америкалык Blackwater жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Эрик Принс Ирандагы жер үстүндөгү операцияга каршы чыгып, аны кооптуу деп атаган.

61 жаштагы Рэнди Джордж — кесипкөй аскер жана Ирак менен Афганистандагы согуштардын ардагери. Ал кызматтан кетиши мүмкүн болгон негизги талапкерлердин бири катары каралып келген. 2023-жылы штаб башчысы болуп дайындалганга чейин ал мурдагы коргоо министри Ллойд Остиндин улук жардамчысы болуп иштеген. Ошого карабастан, Джордж узак убакыт бою кызмат ордун сактап келген.

Тема боюнча

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026

Анын менен кошо дагы эки генерал кызматтан алынган: армияны даярдоо жана трансформациялоо командасынын башчысы Дэвид Ходн жана башкы армиялык капеллан Уильям Грин-кичүү. The Washington Post маалыматына караганда, Хегсет дагы бир катар жогорку даражадагы офицерлердин кызматка көтөрүлүшүн токтоткон же аларды кызматтан алган. Акыркы жылдары ал аскер капелландарынын ишине болгон мамилени өзгөртүүгө аракет кылып, армиядагы христиан дининин маанисин баса белгилеп келген.

Ошондой эле Хегсет Пентагондун негизги кеңеш берүүчү органы болгон Бириккен штаб башчылары комитетин да кайра түздү. Мурдагы курамдан өз ордунда деңиз пехотасынын командачысы Эрик Смит жана Космос күчтөрүнүн башчысы Б. Ченс Зальцман гана калды. Өткөн жылдын башында эле Трамптын командасы комитеттин төрагасы Чарльз Браун-кичүүнү, деңиз күчтөрүнүн башчысы Лиза Франкеттини, жээк күзөтүнүн командачысы Линда Фейганды жана аба күчтөрүнүн штаб башчысынын орун басары Жеймс Слайфты кызматтан алган. Хегсет аба күчтөрүнүн штаб башчысы Дэвид Олвиндин да мөөнөтүнөн мурда кетишин талап кылган.

The Washington Post белгилегендей, Хегсет аскер жетекчилигин Дональд Трампка жетиштүү деңгээлде берилген эмес деп көптөн бери сынга алып келген. Ошондой эле жаңы администрациянын саясатынын таасири байкалууда — кызматтан алынгандардын арасында аялдар жана азчылык өкүлдөрү салыштырмалуу көбүрөөк.

«Эпикалык каар» аттуу аскердик операция беш жумадан бери уланып жатат, бирок Трампка болгон басым күчөп жатат. Себеби бул кампания АКШга күн сайын миллиарддаган доллар чыгым алып келүүдө, күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө себеп болду жана коомчулук арасында популярдуу эмес — анын башталышынан кийин президенттин рейтинги тарыхый эң төмөн деңгээлге түшкөн. Ирандагы бийлик өзгөргөн жок жана Перс булуңу менен Израилдеги объектилерге сокку уруу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

АКШ чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Ирандын ракеталык түзүлүштөрүнүн болжол менен жарымы сакталып калган, ал эми арсеналында миңдеген сокку уруучу дрондор бар. «Алар дагы деле аймак боюнча башаламандык жаратууга даяр», — деди булактардын бири. The Times жазгандай, Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын 13 аскер базасынын көпчүлүгүнө «олуттуу» зыян келтирген. Согуштун биринчи айынан кийинки зыян дээрлик 1,5 миллиард долларды түзгөн, кеминде 300 америкалык аскер кызматкери жаракат алган. Ошондой эле АКШ кеминде он аскердик учагын жана ондогон дрондорун жоготкон.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШИран-АКШ согушуПентагонПит Хегсет
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

17.11.2026
Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

17.11.2026
Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026
Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

17.11.2026
АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

16.11.2026
ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

16.11.2026
Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.