АКШнын Аскердик департаменти 3-марттан тарта Украинага бардык аскердик жардам көрсөтүү токтотулганын тастыктады.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Украинага аскердик жардам көрсөтүүдөгү тыныгуу 4-мартта Москва убактысы боюнча таңкы саат 2ден (б.а. Вашингтондо 3-мартта саат 18.00) бери күчүндө экенин жана Украинага бардык жардамды токтотууга буйрук берилгендигин АКШнын аскерий өкүлү билдирген.
Ал курал-жарактарды жиберүүнү убактылуу токтотуу жолдо жеткирилип бараткан жүккө да тиешелүү экендигин белгилеген. Бирок Пентагон Киевге чалгындоо маалыматтарын берүү токтотулгандыгы тууралуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тарткан.
Буга чейин Sky News телеканалы украиналык булакка таянып, АКШ чалгындоо маалыматтарын Киев менен иргеп эмес, толугу менен бөлүшүүнү токтотконун билдирген.
Шаршемби күнү БЧБнын (ЦРУ) директору Джон Рэтклифф чалгындоо маалыматын алмашуу тыныгуу болгонун ырастады.
Ал эми Daily Mail гезити АКШ Украинага аскерий жардамын токтоткондон кийин Ак үй Улуу Британияга америкалык чалгындоо маалыматтарын Киев менен бөлүшүүгө тыюу салганын жазган.
Шейшембиде Fox News телеканалы Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, АКШ президенти Дональд Трамп Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче, АКШ Киевге ок-дарыларды жана жабдууларды жеткирүүнү токтоторун кабарлады.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск билдиргендей, АКШдан Киевге курал-жарак жана гуманитардык жардам жөнөтүүчү негизги борбор болгон Жешов шаарындагы аскердик аэропорт өлкөдө ишин токтотту.
Эске сала кетсек, 28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу болгон, бирок ал ийгиликсиз жыйынтыкталган. Анда тараптар сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюшат деп күтүлүп, бирок ортодо келишпестик орун алган.















