АКШнын Федералдык иликтөө бюросу президент Дональд Трампты жана DOGE уюмунун башчысы Илон Маскты жана дагы бир катар башка америкалык аткаминерлерди өлүм менен коркуткан деген айып менен Пенсильвания штатынын тургуну 32 жаштагы Шон Монпэрди камакка алды.
Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.
Иштин материалдарына ылайык, январдын ортосунан апрелдин башына чейин 32 жаштагы жаран YouTube каналына Трампка, өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча кеңсенин башчысы Илон Маскка, иммиграция кызматкерлерине жана мурдагы президент тарабынан дайындалган башка аткаминерлерге карата коркутууларды камтыган билдирүүлөрдү жарыялаган.
Тергөө көрсөткөндөй, Трамптын инаугурациясынан көп өтпөй Монпере ок атуучу курал сатып алып, март айында массалык ок атууну көздөп жатканын айтып комментарий берген.
Ал 9-апрелде камакка алынып, андан кийин төрт берене боюнча айып тагылган.
Эскерте кетсек, Дональд Трампка 2024-жылдын сентябрь айында АКШнын президенттигине талапкер учурунда да кол салуу болгон.
“Менден алыс эмес жерден ок жаңырды, имиштер жүрүп кете электе айтып коеюн, аман-эсенмин. Мени эч нерсе токтотпойт. Айтканымдан кайтпайм”,- деген ал CNN телеканалына.
Окуя Флорида штатында жайгашкан Уэст-Палм-Бичтеги Trump Golf Course гольф талаасында болгон. Тартип коргоо органдарынын айтымында, бадалдан АК-47 автоматы табылып, шектүү кармалган.
















