26-июлда, Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды.
Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу ачылыш аземи стадиондо эмес, шаардын чок ортосунда Сена дарыясында өттү.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Олимпиада оюндарын ачык деп жарыялады.

Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү.

Анын ичинде кыргызстандык спортчулар дагы мамлекеттик желектин алдында жүрүштөн өттү. Өлкөнүн туусун дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү.

Атлеттер телекамералар менен жабдылган кайыктар менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Йенс көпүрөсүнө чейин 6 километрлик жолду суу аркылуу сүзүп өтүштү.

Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартуулашты.

Биринчи музыкалык номерди Леди Гага аткарды.
Салтанаттуу аземге 300 миңге жакын көрүүчү күбө болушту.
Төрт саатка созулган шоунун жүрүшүндө жамгыр да жаады.

Орсе музейинин үстүнөн өткөн факел алып баруучу.

Олимпиада отун үч жолку олимпиада чемпиондору дзюдочу Тедди Ринер жана жеңил атлетчи Мари-Жесе Перек жандырды.

Салтанаттын жыйынтыктоочу бөлүгүндөгү канадалык жылдыз Селин Дион Эйфель мунарасынын экинчи кабатында ырдады. Оюндардын ачылышында ал Эдит Пиафтын Hymne A L’Amour ырын көз жоосун алган ак көйнөк кийип ырдап чыкты.
Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат.















