Иран Франциянын борбор калаасы Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарын бешинчи күнүндө медалдардын саны боюнча 22-орунга көтөрүлдү. Эки күн мурун 34-катарда эле.
Паралимпиада оюндарынын 5-күнүнүн жыйынтыгы боюнча ирандык спортчулар 11 медаль (2 алтын, 6 күмүш жана 3 коло) багындырышты.
Алтын медаль ээлери:
- Сара Йованмарди (ок атуу);
- Амир Хоссейн Алипур (жеңил атлетика).
Күмүш уткандар:
- Фатемех Хемти (жаа атуу жана ок атуу);
- Алиреза Бахт (таэквондо);
- Захра Рахими (таэквондо);
- Зафар Закир (жеңил атлетика);
- Фатеме Хемти жана Хади Нури (жеңил атлетика);
- Мехди Олад (жеңил атлетика).
Коло байге ээлери:
- Хамед Хакшанас (таэквондо);
- Парасто Хабиби (калаб ыргытуу);
- Алиреза Мохтари (жеңил атлетика).
Медалдык таблица:

Ал эми медалдардын саны боюнча таблицанын сап башында Кытайдын курама командасы турат. Алар жалпысынан 85 медаль: 42 алтын, 29 күмүш жана 14 коло утушту.
Улуу Британия 29 алтын, 14 күмүш жана 10 коло менен экинчи, АКШ 13 алтын, 19 күмүш жана 10 коло менен үчүнчү орунда турат.
28-августта башталып, 8-сентябрга чейин улана турган Жайкы Паралимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 182 мамлекеттен мүмкүнчүлүгү чектелген 4400дөн ашуун спортчу катышып жатат.
Жалпысынан медалдын 549 комплекти ойнотулат.



















