Пакистандын Карачи шаарында болгон теракттан Кытайдын эки жараны каза болуп, бирөө жарадар болгонун КЭРдин Пакистандагы элчилиги билдирди.
Буга чейин Geo телеканалы Пакистандын Карачи шаарындагы Джинна атындагы эл аралык аэропортуна жакын жерде жардыруу болуп, кеминде бир адам каза болгонун жана жарадар болгондор бар экенин кабарлаган.
Элчиликтин маалыматы боюнча, жекшемби күнү кечинде Джинна эл аралык аэропортунун жанында кытайлык Port Qasim Electric Power Company деп аталган энергетикалык компаниянын кызматкерлерин ташыган унаалар кербени террордук чабуулга кабылган.
«Эки кытайлык кызматкер каза болуп, дагы бирөө жарадар болду жана пакистандык бир нече кызматкер да жарадар болгон”, – деп айтылат элчиликтин WeChat социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ошондой эле Кытайдын Пакистандагы элчилиги жана консулдугу бул террордук чабуулду кескин айыптап, окуядан каза болгондордун жакындарына көңүл айтаары белгиленген.
“Пакистандагы элчилик жана консулдук дароо пакистандык тараптан жарадар болгондорго жардам көрсөтүү, кол салууну тыкыр иликтөө жана күнөөлүүлөрдү катуу жазалоо үчүн колдон келгендин баарын кылууну талап кылышты”, — деп билдирди дипломатиялык миссия.
Алдын ала маалыматтар боюнча, автоцистерна жарылып, анын кесепетинен жакын жердеги унаалар өрттөнүп кеткенин Geo телеканалы полицияга шилтеме берүү менен билдирди. Телеканалдын маалыматына караганда, бийликтер колго жасалган жардыруучу зат жардырылды деп шектенип жатышат.


















