АКШ менен Ирандын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү дүйшөмбү күнү Пакистанда өтөрү күтүлүүдө.
Исламабадга АКШнын «алдыңкы тобу» бар эки учак конду. Бул топ АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышат. Бул тууралуу Пакистандын бийлик өкүлдөрү билдиришкен.
АКШ жана Иран делегацияларынын негизги сүйлөшүүлөрү 20-апрель, дүйшөмбү күнү Пакистанда өтөрү күтүлүүдө. Расмий өкүлдөр Вашингтондон келген алдыңкы топту алып келген эки учак Пакистандын борборуна конгонун ырасташты.
Ошол эле учурда Geo News телеканалы кабарлагандай, Исламабад полициясы алдыда боло турган АКШ–Иран сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөткөнүн жарыялады.
Буга чейин Пакистандын өкмөттүк булактары да АКШ менен Иран делегациялары «чоң ыктымалдык менен дүйшөмбү күнү» Исламабадда жолугарын билдиришкен.
Бирок Ирандын делегациясы азырынча Исламабадка баргандыгы тууралуу Пакистандын да, Ирандын да маалымат каражаттары жазыша элек. Белгилей кетүүчү жагдай, иран тарап АКШга койгон талаптары аткарылмайынча сүйлөшүүнүн экинчи айлампасына катышпай тургандыгын маалымдаган. Ал талаптарга Ирандын АКШ менен Батышта тоңдурулган активдерин алууга уруксат берүү, санкцияны жокко чыгаруу, согуш учурунда өлкөгө келтирилген зыяндын ордуна кенемте төлөп берүү жана башка жагдайлар камтылган.















