Пакистан “Иран-Пакистан” транспорттук коридорун расмий түрдө ачты. Негизги жол Пакистандын түштүгүндөгү Гвадар портунан башталып, Ирандын аймагы аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнө, айрыкча Өзбекстанга чейин уланат.
Tasnim News агенттиги билдиргендей, жаңы транспорттук коридор аркылуу Пакистандан Өзбекстандын Ташкент шаарына муздаткыч жүк ташуучу унаалар менен тоңдурулган эттин биринчи партиясы жөнөтүлдү.
Коридор TIR (Transports International Routiers) системасынын алкагында ишке киргизилген, анда Тафтан, Римдан, Суст жана Гвадар сыяктуу негизги чек ара өтмөктөрү транзит үчүн колдонулат.
Коридордун ачылышы маанилүү окуя катары каралууда. Анктени ал Пакистандын экспортун колдойт жана аймактык байланышты жакшыртат, ошондой эле транзиттик убакытты жана логистикалык чыгымдарды кыскартуу менен деңиз жолдоруна көз карандылыкты азайтат.
Жаңы келишимге ылайык, Пакистандан келген жүктөр Гвадар өтмөгүнөн өткөндөн кийин Ирандын аймагы аркылуу өтө алат.
Бул транспорт коридорунун ачылышынын максаты – Түштүк Азияны Борбордук Азиянын 70 миллион калкы бар рыноктору менен түз байланыштыруу жана аймактык сооданы өнүктүрүү.
Пакистандын расмий өкүлдөрү бул пилоттук этап коридорду ишке киргизүүнүн баштапкы чекити болуп саналаарын жана товарлар үчүн туруктуу жана мультимодалдык транзиттик маршрут түзө аларын баса белгилешти.
Бул демилге Пакистан, Иран жана Борбордук Азиянын ортосундагы соода байланыштарын чыңдоодогу маанилүү окуя катары сыпатталды.



















