Пакистандын Ирандагы элчиси Мухаммад Мудасир Типу Ирандын Систан жана Белужистан Чабахар жана Раск шаарларындагы полиция бекеттерине жасалган террордук чабуулдарды айыптады.
“Eurasia Today” маалымдагандай, элчи Пакистан Иран Ислам Республикасынын терроризмге каршы күрөшүн колдойт деп баса белгиледи.
3-мартта Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы Раск ,Чабахар жана Дарьябани шаарындагы полиция бекеттерине террордук кол салуу болуп, коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери набыт болду. Террорчулар “Жейш ал-Адль” террордук тобунун мүчөлөрү болгон. Бул окуядан кийин аталган үч шаарда бир убакта атайын операциялар жүргүзүлүп, 15 террорчу жок кылынганын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрүнүн командачысы Мохаммад Пакпур билдирди.
Мудасир Тип адам өмүрүн алган кол салууга байланыштуу Ирандын өкмөтү жана элине көңүл айтып, толук тилектештик билдирди.
Пакистан элчиси терроризм коркунучун ооздуктоо керек экенин баса белгилеп, Исламабад Ирандын өз кызыкчылыктары үчүн күрөшүн жана терроризмге каршы күрөшүн колдой турганын билдирди.
Буга чейин Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Захра маалымат жыйыны учурунда Чабахар жана Раск шаарларында болгон террордук чабуулдарды кескин айыптап, Иран Ислам Республикасы менен тилектештигин билдирген.
“Биз курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз жана ушул оор учурларда Иран Ислам Республикасынын өкмөтү жана эли менен тилектеш экенибизди билдиребиз”, – деген Захра.
Ал Исламабад терроризм коркунучуна каршы күрөшүү үчүн Тегеран менен кызматташууга чечкиндүү экенин баса белгилеген.

















