Ош шаарынын борбордук аянтындагы Ленин эстелигинин эки тарабына фонтан (оргума) курулууда. Ага Бүткүл дүйнөлүк банктан 8,5 млн сом бөлүнгөн.
Бул тууралуу мэриянын ички аудитору Мирланбек Казыбай уулу билдиргенин «Т-Медиа» порталы жазды.
Муниципалитеттин өкүлү билдиргендей, анын курулушу ушул жылдын 1-сентябрында башталган. Аны кийинки жылдын март айларына бүткөрүү пландалууда.
“Бул курулуш Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» беш долбоордун алкагында ишке ашууда. Бул ошол беш долбоордун үчүнчүсү. Анда жөө жүрүүчү түстүү оргума жана эс алуу комплекси деп аталат. Отургучтар орнотулуп, айланасы жарыктандырылат”,-дейт Казыбай уулу.
Жумушту «Алихан Строй» жана «Ригель» жоопкерчилиги чектелген коомдору жүргүзүүдө. Юстиция министрлигинде «Ригелдин» жетекчиси катары Максим Семенов көрсөтүлгөн. Компания компьютерлерди жана программалык товарларды чекене сатуу менен алектенет. Семенов тууралуу ачык булактардан маалымат табылган жок. Ал эми «Алихан Строй» ЖЧКсы «турак жана турак эмес имараттарды куруу» менен алектенгенин көрсөткөн. Анын ээси — Сүйүнбек Нурматов.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга 6 млн доллар гранттык негизде долбоорду ишке ашырууга бөлүп берген. Мэриянын мурда берген маалыматы боюнча ушул ишке кошуп, Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрда да оңдоп-түзөө иштери башталган.
Эске салсак, Ош шаарынын борбордук аянтында фонтан салуу демилгесин мурунку мэр Алмаз Мамбетов көтөрүп чыккан. Ал шаар башчы болуп кыска аралыкка эле иштеп калгандыктан, анын бул демилгеси ишке ашпай калган.