1-июль күнү, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунист айылында “Эне-Сай” жаңы конушунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул маанилүү окуянын алкагында жаңы шаарчанын пайдубалына мезгил кутучасы салынганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, “Куньлунь” курулуш компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышышты.
Бул жаңы конуш мэриянын колдоосу менен Кытай Эл Республикасынын “Куньлунь” курулуш компаниясы тарабынан курулат.
Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында түптөлөт.
Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет.
Кечээ Ош шаарын аралап өткөн 6 каналдын жээктерин тазалоо иштери башталган. Анын алкагында жээкке жакын салынып калган үйлөр бузулуп, документтери туура болгон үй-бүлөлөргө башка жактан үй бериле турганын маалымат кызматы билдирген.
Буга чейин шаардын бир катар көчөлөрүндө бузуу иштери жүрүп, анда үйлөрү алына турган жарандардын документ иштери туура болсо, аларга да компенсация бериле турганы айтылган.























