Ош облусундагы Папан айыл өкмөтүнүн Тарылга айылынын окуучулары мектепке каттоосу кыйын болуп келген.
Алардын көйгөйүн жеңилдетүү максатында аталган аймактын Алчалуу айылынын тургуну, жеке ишкер Курсантбек Осмоновдун демөөрчүлүгү менен Тарылга айылдагы окуучуларды 3 км аралыктан мектепке ташуу үчүн “Мерседес Бенс спринтер” үлгүсүндөгү 18 орундуу автоунаа тапшырылды.
Жергиликтүү тургундар буга чейин Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевге да кайрылган. Өз кезегинде облус башчысы демилге көтөрүп, бул маселени чечүнүн жолдорун айтып протоколдук тапшырма берген.
Эльчибек Джантаев жарандардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекеттик органдар менен ишкерлер ортосундагы өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, демилгени колдоого алган жеке ишкерге ыраазычылык билдирип, белектер менен сыйлады.
Ал эми белекке берилген автоунаанын мындан аркы бардык чыгымдары, анын ичинде күйүүчү май, техникалык тейлөө жана айдоочулардын эмгек акысы толугу менен жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат.























