Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган 43 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү 3-жылдын 14-октябрь күнү Кара-Кулжа РИИБге аталган райондун тургуну арыз менен кайрылып, ушул жылдын май айында З.К., аттуу жаран анын мал жандыктарын алып, азыркы күнчө чейин акчасын бербей, изин жашырып качып жүргөндүгүн билдирген.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган, 1980-жылы туулган З.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Андан сырткары, кармалган жаран бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча да шектелүүдө.
Учурда шектүү адамдын бирге кылмыш жасаган өнөктөштөрүн жана башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.




















