Ош шаарында 25-март күнү Ош облусунун Ноокат районундагы тамеки өстүрүү тарыхын чагылдырган «Тамекичи аялдар» даректүү тасмасынын кино-лекциясы өтөт. Иш-чарада 2022-жылы тартылган тасма көрөрмандарга сунушталып, анда камтылган темалар боюнча талкуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, тасма «Тамеки таржымалы: Ноокаттык аялдардын күжүрмөн эмгеги» аттуу изилдөө долбоорунун алкагында тартылган. Анда СССР мезгилинде Ноокат районунда тамеки өстүрүү боюнча мамлекеттик пландар кандай аткарылганы жана бул тармакта иштеген аялдардын жашоосу баяндалат. Изилдөөчүлөр: аталган райондун Жаңы-Ноокат, Зулпуев жана Кара-Таш айылдарында жашаган 15 аял менен маектешип, алардын эскерүүлөрүн топтошкон.
Долбоор Борбордук Азия Университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү тарабынан каржыланган жана Биринчи Улуттук музей фестивалынын жеңүүчүлөрүнүн бири болгон.
Уюштуруучулар кино-лекцияга тарыхка, маданий мураска жана коомдук изилдөөлөргө кызыккан бардык жарандарды чакырышат.
Совет мезгилинде Кыргызстан, айрыкча түштүк аймактары, тамеки өстүрүү боюнча негизги өндүрүштүк аймактардын бири болгон. Тамеки өстүрүү жана кайра иштетүү мамлекеттик пландар менен катуу жөнгө салынып, аймактарга өндүрүш көлөмүн так аткаруу талабы коюлган. Айрыкча Ноокат, Араван, Кадамжай сыяктуу райондордо чоң тамеки плантациялары түзүлүп, жергиликтүү калк эмгек ресурсу катары кеңири колдонулган.
Өзгөчө аялдар тамеки талааларында көп иштеп, көчөт отургузуудан тартып, жалбырактарын терип, кургатып, андан соң фабрикаларга өткөрүүгө чейин эмгектенишкен. Тамекинин жалбырактары атайын сарайларда кургатылып, андан соң Ош жана башка шаарлардагы тамеки фабрикаларына жөнөтүлгөн. Союз мезгилинде бул тармак экономиканын маанилүү бөлүгү болуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн тамеки СССРдин ар кайсы республикаларына экспорттолгон. Бирок, 1991-жылы СССР тарагандан кийин, мамлекеттик көзөмөл алсыздап, бул тармак солгундап кеткен.
Сүрөт: Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейиники




















