Ош шаарында орусиялык дарыгерлер менен биргеликте «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу акциясы өтөт.
Ош шаарында орусиялык дарыгерлер 1 жаштан 15 жашка чейинки 42 балага жүрөк-кан тамыр ооруларына акысыз операцияларды ийгиликтүү жасашты. Аларга калаа башчысынын жана жалпы шаардыктардын атынан мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылганда, дарыгерлер Исраиловдун кабыл алуусунда болуп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга багытталган «Жүрөктөн жүрөккө» акциясы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле илдеттин олуттуулугу жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү, сергек жашоого үндөө максатында акысыз түрдө кеп-кеңештер берилээрин белгилешти.
Белгилей кетсек, аталган иш-чараны келерки жылдын апрель айында өткөрүү пландаштырылууда.
Учурда Ош шаарынын Кыргыз-Орус клиникасында Орусиянын төмөндөгү жогорку квалификациялуу медициналык адистер тарабынан (акысын төлөө негизинде) кеңештер берилүүдө:
– Попова Жанна Юрьевна жогорку категориядагы дарыгер-репродуктолог, акушер-гинеколог, гинеколог-эндокринолог;
– Медицина илимдеринин доктору Павлов Виталий Викторович, травматолог-ортопед;
– Жаңы медициналык технологиялар борборунун кардиоборборунун башкы дарыгери Байрамова Севда Афгановна жогорку категориядагы аритмолог, кардиолог;
– Жаңы медициналык технологиялар борборунун орусиялык клиникасынын онкологиялык кызматынын жетекчиси, онколог-уролог, 18 жылдык тажрыйбасы бар хирург Ярмощук Сергей Валерьевич.























