Ош шаарындагы Авиценна көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан түшүп кеткен жигит ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, «Карагай курулуш» ЖЧКсы куруп жаткан үйлөрдүн биринен кулаган 1996-жылкы М уулу А, Кара-Кулжа районунун 28 жаштагы тургуну болчу. Учурда бул окуя кокустук катары катталып, териштирүү жүрүп жатат.
Мурда маалым болгондой, “Карагай-курулуш” ЖЧКсынын жетекчиси Абдумалик Махамат уулу болуп эсептелет. Бул ишкана 2022-жылдын 25-январында каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү – турак жай жана имараттарды куруу.
Ушундай эле кырсык өткө айда да, тактап айтканда, 2023-жылдын 19-декабрь күнү курулуш учурунда бир жигит кырсыктап, каза болгон. Анда «Кыргыз каганат» курулуш компаниясынын жумушун аткарып жүргөн жигиттин белине мрамордун кесиндиси түшүп кетип, ал да ооруканага жетпей каза болгон. Бул иш Ош ШИИБде кокустук деп катталып, экспертиза дайындалган.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында жалпы 72 көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат.




















