Эми Ош шаарындагы коомдук транспорттордо да кыргыз тилиндеги мультфильмдер коюла баштайт.
Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Ош шаарында өткөн көчмө жыйында билдирип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айрым коомдук транспорттордун мониторлорлоруна кыргызча мультфильмдерди коюу практикасын карап чыкты.
Буга чейин маалым болгондой, “Баластан” телеканалынын буюртмасы менен Кыргызстанда тартылган “Козулар” (14 серия), “Сыйкырдуу калем” (9 серия) анимациялык мультфильмдери Бишкек шаарынын коомдук транспортторунда коюла баштаган.
Алдыда аталган мультфильмдердин уландысы тартылат. Жалпы төрт анимациялык фильм тартууга 23 миллион сом каражат бөлүнгөнүн Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришкен.
Мындай саамалык тил жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында жасалууда.























