Президент Садыр Жапаров Ош шаарында «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексин ачты. Ага комплекстин жетекчиси Эльдар Торобаев маалымат берип, Эл аралык турнирлерди кабыл ала турган бассейнди тааныштырды.
Аны көрүп чыккан Жапаров, көп функциялдуу спорт комплексинин курулушу шаардыктар үчүн түзүлгөн мыкты шарттардын бири экенин белгилеп, долбоордун Ак-Буура дарыясынын жээгинде ишке ашып жатышы экинчи борбор калаага өзгөчө көрк берерин айтты.
Буга чейин маалым болгондой, аталган долбоор Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында жүрүп, «Дем-Ал» ЖЧКсынын инвестициясынын негизинде ишке ашырылган.
Ош мэриясынын өкүлү Мирлан Исраилов мэрия 4 миң чарчы метр жерди аталган ЖЧКга 25 жылга ижарага берилгенин, ЖЧК бул долбоорго 95 млн сом жумшарын билдиргенин айткан.
Аталган комплекстин жетекчиси Торобаевдин маалыматында, бул жерде олимпиадалык бассейн – узун-туурасы 50 метрге 20 метр, 8 паласа курулду. Ошондой эле машыгуучу зал, аэробика, йога жана башка спорттун түрлөрү менен машыгуучу косплекс салынган.
Долбоор 2024-жылдын июль айында башталган. Келишимдин негизинде 95 млн сомго долбоор бүтөрү жазылган, бирок, курулуш иштеринин жүрүшүндө 200 млн сомго жакын акча кеткен.
Буга чейин аталган спорт коплекстин ордунда «Дельфин» аталышындагы бассейн болгон. Анын имараты эскиргендиктен жергиликтүү бийлик эл аралык стандарттарга ылайык келген спорт комплекс курууну чечкен.






















