Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаардык билим берүү башкармалыгында ири суммадагы коррупциялык иштин бети ачылганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган мекеменин мурдагы бухгалтери «А.А.» бир катар мектеп директорлору менен мыйзамсыз сүйлөшүп, айрым кызматкерлерге негизсиз айлык акыларды жана төлөмдөрдү жүргүзүп келген.
Коррупциялык схема төмөнкү билим берүү мекемелеринде аныкталды:
- №24 М.Фрунзе атындагы орто мектеп;
- №42 «Керме-Тоо» орто мектеби;
- №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектеп;
- «Олимп» мектеп-гимназиясы;
- №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейи;
- №52 «Кыргыз–Түрк достугу» мектеп-лицейи.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 8 млн 940 миң сомдон ашкан.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат. Күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды ордуна коюу багытында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
УКМК төрагасы К.Ташиев ушул жылдын 11-августунда Ош шаарында атайын техникаларды тапшыруу аземинде, мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, коррупциялык иш аракеттерге жол бербөө керектиги боюнча катуу эскертүү берген.



















