5-октябрда, Ош шаарынын күнү белгиленип, бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар кунүн белгилөөнүн алкагында Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өтүп, Ош мамлекеттик университетинин 2 жаңы имараты ачылды.
Андан сырткары, жаштар (18-35 жаш) арасында Ош шаарынын кичи футбол жана волейбол боюнча кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланып, борбордук аянтта авто-мото фестивалы өттү. Ушул эле күнү калаадагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо кыргызстандык жана чет элдик эстрада жылдыздарынын гала концерти да пландалган. Ушул эле күнү “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгында 35 метр бийиктиктеги Мамлекеттик Туу көтөрүлдү. Бул Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен жеке ишкер тарабынан орнотулган.
Ош МУнун 2 жаңы имараты ачылды…

Ош шаарынын жана мугалимдер күнүнө карата, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун жана Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы ачылды. Анын ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош мамлекеттик университетинин ректору К. Кожобеков, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.
Калаа башчы куттуктоо сөзүндө, кылым карыткан Ош шаарынын күнү жана мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош мамлекеттик университетинин билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.
Белгилей кетсек, “Ак-Буура” кампусундагы 5 кабаттуу окуу корпусунда лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык залдар, заманбап китепкана орун алган. Имараттын аянты 2008 чарчы метрди түзөт.
Ал эми жаңы салынган экинчи имарат болгон окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасында да лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык, окуу залдары бар. Имараттын аянты 3000 чарчы метр. Пайдаланууга берилип жаткан имараттар окуу жайдын өз каражатынын эсебинен курулган.
Учурда Ош МУда “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борбору жана эски шаардык оорукананын ордуна 7 кабаттуу медициналык клиниканын курулушу жүрүп жатат.
Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгресси…

Калаа күнүнө карата, Ош шаарында Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгресси өттү. Жаштардын башын бириктирген конгресстин алкагында эки күн бою жаш муундардын арасында санариптик сабаттуулукту арттыруу, ыктыярчылык, билим берүүнүн заманбап чакырыктары, элет жаштарынын көз караштары тууралуу панелдик сессиялар өтүп, бир топ маселелер талкууланмакчы.
Эки жыл сайын өтүүчү бул конгресс, жаш муундардын билим алуусун калыптандырууга, аң сезимдерин өнүктүрүүгө багытталган.
Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, жаштар тематикалык тобунун төрагасы Бактыбек Кайназаров, өлкөнүн жети дубанынан келген 100дөн ашуун жаш активисттер катышты.
Авто-мото фестивалы…
Ушул эле күнү борбордук аянтта авто-мото фестивалы өттү. Анын алкагында, мотоциклдардын “OFF-ROAD” шоусу өтүп, КВН жана хип-хоп топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле, ар кандай ыкма менен велосипед тебүү, стритбол оюну боюнча мелдештер болду.

Гала концерт: АКШдан BAD BOYS BLUE, Италиядан IN GRID…
Шаар күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 5-октябрь, саат 19:00дө шаардыктар үчүн атайын гала концерт уюштурду. Майрамдык кечеге кыргызстандык жана чет элдик белгилүү эстрада жылдыздары келген. Атап айтканда, Италиядан IN GRID, Өзбекстандан Хамдам Собиров, АКШдан BAD BOYS BLUE, Орусиядан DJ BAKS чакырылган. Булардын сырткары, кыргызстандык JAХ 02.14 жана Гүлзада Рыскулова баш болгон кыргыз эстрада жылдыздары да келген.

Ош шаары тууралуу кыскача фактылар…
Быйыл Ош шаарынын 3023 жылдыгы белгиленди. Шаар – калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандын түштүк борбору. 2021-жылга карата шаар калкынын саны 322 164 адамды түзгөн. Ош шаарына шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң жашоочусу менен шаар четиндеги 11 айыл-кыштак карайт. Ош шаарынын калкынын жалпы саны шаар четтери менен 500 миң жашоочу деп бааланган.

2000-жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Оштун 3000 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. Салтанат учурунда ошондогу президент Аскар Акаев Ош шаарына экинчи борбор статусун берүү жөнүндөгү Указын чыгарган.
Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан Ош шаары туурасындагы уламыштарда дүйнөлүк тарыхтын эки каарманы – Сулайман (байыркы израилдик Соломон падыша) жана Искендер Зулкарнайн (грек башкаруучусу Александр Македонский) камтылат.
Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу жибек жолунун ири соода борбору болгон.



















