Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ведомстводон билдиришкендей, Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталган.
“Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейин эс ала алышат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь — өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.




















