Бүгүн, 21-ноябрда, Ош шаарына Өзбекстандын туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү келишти. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, тармактагы кызматташуу тууралуу кенен пикир алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү шаарлар ортосунда туризм тармагында мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү. Ошондой эле, аталган багытта ар тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу, туристтерди тартуу, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселеси талкууланды.
Жолугушуунун алкагында коноктор тарабынан Өзбекстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, маданий, тарыхый, соода, кол өнөрчүлүк жана спорт жаатында инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Белгилей кетсек, маалыматтык турдун алкагында келген туристтик компаниялардын өкүлдөрү Ош шаарындагы маданий жайлар менен таанышып, Жалал-Абадка сапар алышты.



















