2025-жылдын 12-февралында Кара-Суу районунун Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектебинин 9-класстын окуучусу ур-токмоктон улам каза болгону боюнча кылмыш иши козголду.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) боюнча кылмыш ишин козголгон.
Бул факт каттоого алынып, тергөө иштери башталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Күбөлөрдүн айтуусунда, мектеп окуучуларынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, анын жыйынтыгында 9-класстын окуучусу ур-токмокко алынып, эсин жоготкон. Аталган окуя Кара-Суу райондук милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Алгачкы тергөөнүн жыйынтыгында, каза болгон окуучуну ошол эле мектептин 11-классынын 17 жаштагы окуучусу (Р.Н.) сабаганы аныкталды. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Бул окуяга байланыштуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация да маалымат таратып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева кызматтан бошотулганын билдиришти. Ошондой эле директору Нурланбек Калмурзаев менен 5 мугалим кызматтан четтетилген.
Учурда мектептин математика мугалими Мисрат Оморалиева директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.
Бул окуя Кыргызстандагы мектептерде окуучулар арасындагы зордук-зомбулук көйгөйүн дагы бир ирет күн тартибине койду. Эки күн башта Бишкектеги №72 мектептин окуучусу да сабалып, ооруканада каза тапканы кабарланган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын алгачкы он айында өлкө боюнча 75 өспүрүм өз жанын кыйган. Айрым ата-энелер жана адистер муну мектептердеги чоңсунуу, рэкетчилик жана ата-энелердин миграцияда жүргөнү менен байланыштырып келишет.
Коомчулук, билим берүү тармагы жана укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана мектептердеги зомбулуктун алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгилешүүдө.



















