Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында 9 кабаттуу үчүнчү үйүн сала баштады. Долбоорго ылайык, турак-жай 96 батирден турат. Үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, ал эми жер төлөсүндө автоунаа токтоочу жайлары болот. Жаңы турак-жай ички жасалгалары жана туташтырылган коммуникациялары менен 2025-жылдын төртүнчү кварталынын аягында пайдаланууга берилет. Мэриянын курган үйлөрүнөн кимдер кантип батир ала алышат? Ушул жана башка суроолорго аталган ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдрахман уулу жооп берди.
– Кутманалы мырза саламатсызбы? Сиздер “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында Ош шаарында үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушун баштадыңыздар. Айтсаңыз, бул долбооруңуздар баштагылардан айырмасы кандай жана жарандар кантип сатып алышат?
– Саламатчылык. Ооба, өзүңүздөргө маалым болгондой, биз “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушун баштадык. Аны куруу боюнча шаардык кеңештин атайын жобосу да чыккан. Башкача айтканда, депутаттардын атайын кароосунан өтүп, алардын уруксаты менен башталды десек болот. Негизинен талкуулоо учурунда “Үлүштүк курулуш” долбоорунун айрым талаптары өзгөргөн. Бул долбоордун алкагында үй ала тургандардын категориясы кеңейтилген. Тактап айтканда, бул жолу Кыргызстандын бардык жарандары батир ала алышат. Эң эле негизги талаптардын бири – алар кыргызстандык болуш керек жана төлөө жөндөмдүүлүгү бар экени эсептелет. Максатыбыз – турак-жай курулушун массалык түрдө уюштуруу жана Ош шаарында турак-жайга болгон бааны төмөндөтүү болуп саналат.

– Эми сиздердин үйлөрдүн баалары канча болуп калат?
– Акыркы долбоор жөнүндө айта турган болсок, анда алардын 1 метр квадраты 53 770 сом деп бааланды. Бул жерде курулуш иштерин уюштурууга жана ага кеткен чыгымдары гана кошулган десек болот. Демек ишкана расмий түрдө кайсы бир кошумча пайданы көрүүнү көздөбөйт. Ошондуктан, үйдүн баасы ушундай аныкталып жатат. Негизги максат – ушундан кийин да ушул сыяктуу долбоорлорду көбүрөөк уюштуруу аркылуу турак-жай сатуу рыногунда конкуренция түзүп, үйлөрдүн баасын төмөндөтүү болууда.
– Эми “Үлүштүк курулуш” долбоору менен курулган мурунку эки көп кабаттуу үйлөр тууралуу айтып өтсөңүз, алардагы батирлер кандай талап менен сатылган?
– Биз “Үлүштүк курулуш” долбоорун баштап аткан мезгилде Ош шаарынын тургундары үчүн гана жазган болчубуз. Тактап айтканда, Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жарандарга сатабыз дегенбиз. Бирок кийин биздин негизги максатыбыз болгон турак-жай курулушундагы бааларды аныктоо максатына тоскоолдук жарала тургандай форма болуп калгандыктан, жобого өзгөртүү киргизүү аркылуу, жалпы кыргызстандыктардын алуусуна жол ачканбыз. Бул биринчи долбоордон кийин ушундай талап жаралган. Биринчи үйүбүз Набережный 3 дарегинде башталган. А экинчиси Тилекке Баатыр 6 дарегинде болчу. Бүгүнкү күндө ал жерде курулуш иштери жүрүп жатат. Ал 2024-жылы толук тапшырылат.
Башында Ош шаарынын тургундары үчүн гана деп койгонубуз үчүн ал обьекттерде негизинен калаанын тургундары көбүрөөк. Бирок кийин жарандар баш тартып, сатып жиберген учурда гана Ош шаарынын эле эмес, Кыргызстандын башка аймактарынын жарандары кирип калган учурлар бар.

– Акча маселеси кандай болуп атат? Буга чейин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдү сатуудан түшкөн каражатка курулуп атабы же мамлекеттен да акча каралганбы?
– Бул нерсе мындай: жобону кабыл алып атканда эле каржы булагы катары ички инвестициянын эсебинен аткарылат деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, элдин өздүк каражаттары менен курулат. А сиз айтып аткан мамлекеттик дирекция тарабынан курулган үйлөрдү сатуудан түшкөн каражатка – ипотекалык программанын алкагында салынган үйлөргө гана сарпталып жатат. “Үлүштүк курулуш” долбооруна ал акчалар сартпалбайт. Ошондуктан бул жерде “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында караганда, бир гана ички инвестицияларды каржы булагы катары көрсөтөбүз. Жарандардан түшкөн акчанын эсебинен гана салабыз.
Буга жергиликтүү же республикалык бюджеттерден эч кандай атайын акча каражаттары каралган эмес. Ошондуктан, курулуш компанияларга болгон талаптарда биз мурунку долбоорлорубуздагы айрым талаптарды алып салдык. Мисалы: башынан баштап келишим түзгөндө курулуш компаниясына айтабыз, эч кандай кошумча акча каражы бөлүнбөйт дейбиз. Мыйзам чегинде башка долбоорлордо 5 пайызга чейин кошуу мүмкүнчүлүгү бар да, “Үлүштүк курулуш” долбоорунда уткан компания уткан акчаңа гана бүтүрүп бересиң деп атабыз.
– Сиз мурдагы маектериңиздин биринде: “мамдирекция курган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди сатуудан түшкөн акчаларды жок кылып жибербей, жарандарды турак-жай менен камсыздоо саясатына жумшайбыз”, – дедиңиз эле. Бул саясат иштеп атабы?
– Бул саясат иштеп атат. Бүгүнкү күндө ал багытта эки үйдү куруп бүтурүп тапшырдык, 170 батирди. Жалпысы 406 батир болчу. Азыр алардын 170ин калыбына келтирдик десек болот. Андан сырткары, учурда дагы 3 жерде ипотекалык курулуш иштери жүрүп жатат. Булардын биринде 106, экинчисинде 100, үчүнчүсүндө 45 батир бар. Жалпысынан 251 батирге курулуш иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, буга чейин 170 батирди пайдаланууга бергенбиз, азыр 251 батирди курган болсок, 421 батирди куруп койгон болобуз. Демек, баягы 406 батирдин ордуна 421 батир куруу менен ишти уюштурдук. Ошентип бул цикл айланып, түшкөн акчаларга батирлер курулуп кете бериш керек.

– Кечээ жакында эле Жалал-Абад шаарында да ипотекалык негизде сатыла турган көп кабаттуу үйдүн курулушуна старт берилди. Жарандарды турак-жай менен камсыздоодогу мамлекеттик ушундай демилгелердин келечегин кандай элестетесиз?
– Ооба, Жалал-Абад шаарында жакшы жаңылык болду. Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнүн каражатынын эсебинен турак-жайды салууну баштады. Менин оюмча жакшы программа, ушундай демилгелер ишке ашышы керек. Бирок Жалал-Абад мэриясынын өзүнүн муниципалдык программасы ишке аша элек. Бүгүнкү күндө Ош шаары – мамлекеттик ипотекалык прогармманы дагы жана өзүнүн, мэриянын муниципалдык ипотекалык программасын да ишке ашырып аткан Кыргызстандагы жападан жалгыз шаар. Бирок, мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда мамлекеттик ипотекалык компанияда мүмкүнчүлүктөр көп. Аларды Кыргыз Өкмөтү өзү турак-жай боюнча мамлекеттик оператор катары кабыл алган. Сырттан келген түрдүү инвесторлордун акча каражаттары да ушул компания аркылуу чогултулат, бул деген финансылык мүмкүнчүлүктөрү көп дегенди билдирет.
Ал эми биздин муницапалдык программада бул маселе толук кандуу чечилбей, ички инвестициянын эсебинен гана аракет кылып жатабыз. Бирок сырткы инвестициялык маселелерге, донордук акча каражаттарды муниципалдык программага кошкондо биздин темп мындан да бир топ жогору болмок. Бирок анализдеп карап көргөндө үйгө муктаж болгон жарандарыбыз абдан көп. Шаарда жашаган батир акысынын (кварплата) суммасы менен биздин прогармманын алкагында төлөп аткандарды салыштырып карап көрсөк, шаардын борбордук кичи райондорунда, дегеле көпчүлүк райондорунда деле, кварплата биздин ишканага төлөп аткан ипотекалык акчадан жогору экени байкалат. Ошондуктан, алар узак мөөнөт төлөсө деле акчаны өзүнүн үйү үчүн төлөсө, батирлүү болуп калат беле дейсиң.
Бирок ачыгын айтыш керек, бул программадагы финансылык мүмкүнчүлүктөр бардык маселени чечүүгө жетишсиз. Айрыкча биздин төлөө жөндөмдүүлүгү деген үчүнчү критерийибиз бар, ошого келгенде, батир алабыз деген жарандардын экөө тең бюджеттик кызматкер болсо, т.а. айлык эле алып атышкан болсо, алардын төлөө жөндөмдүүлүгү жетишсиз болуп калгандыгын көрүп атабыз. Көп учурда потенциалдуу турак-жай прогарммасына катышууну каалаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири мамлекеттик кызматта иштесе, экинчиси бизнес тармагында же жеке чарбакерлик менен акча табууга мүмкүнчүлүк болгондор көбүрөөк алып калгандары көрүнүп турат. Чындыгында, ачык айтканда, биздин бул программанын кемчилиги – финансы мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болуп атат. Мисалы: жарандарга, өзгөчө, бюджеттик кызматтарда иштеп жаткан жарандарыбызга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп бере албай жатканыбыз өкүнүчтүү десек болот.
– Муну чечүүнүн кандай жолу бар деп ойлойсуз?
– Муну чечүүнүн жолу катары субсидия кылуудан эле көрөм. Ош шаарынын бюджети жылдан жылга өсүп баратат. Былтыркы жылы 900 млн өсүү берди. Эгер дагы ушундай өсүү берсе, белгилүү бир акча каражатын субсидия иретинде берип, эртеден кечке мамлекеттин кызматынан аткарып жаткан жарандарга финансылык мүмкүнчүлүктү түзүп берсек болот деп ойлойм.
– Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А. Белеков



















