Орусиянын жогорку окуу жайларына тапшырган чет элдик студенттер орус тилинен бирдиктүү тест тапшырышат. Бул тууралуу президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Орусия федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинде сынактын жобосу даярдалууда.
Бул маалыматты “Sputnik – Ближнее зарубежье” телеграмм каналы жазды.
Тест чет тил катары негизги сынак 6 деңгээлден турат. Булар: окуу, жазуу, баарлашуу.
Ал эми мындай сынак орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткандар үчүн милдеттүү эмес.
Аталган телеграмм каналынын мурдагы маалыматына караганда, 2024-2025-окуу жылдарына 1 миллиондон ашык абутуриент, ал эми Орусиянын жалпы ЖОЖдоруна 2, 8 миллиондон ашык арыз тапшырылган.
1-сентябрдан тартып тарых жана башка адистиктердин студенттери Орусиянын тарыхын жаңы окуу китеби аркылуу окушат.
Ошондой эле жаңы окуу жылында стипендиялардын өлчөмү 5 миңден 15 миң рубльга чейин көтөрүлөөрү күтүлөт.



















