Россиянын Азербайжандагы элчиси Евдокимов: Армениянын тышкы саясаты анын келечеги үчүн кооптонууну жаратат.
Армениянын азыркы тышкы саясаты бул өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданууну жаратат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Азербайжан Республикасындагы элчиси Михаил Евдокимов РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Ал Армениянын азыркы тышкы саясатын сынга алды. Анын айтымында, коопсуздук тармагында Батыш менен кызматташуу жакшы нерсеге алып келбейт. «Биз Түштүк Кавказдагы ар кандай көйгөйлөрдү чөлкөмдөгү мамлекеттер тышкы кийлигишүүсүз өздөрү чечиши керек деп ишенебиз», – деп баса белгиледи дипломат. Евдокимов кошумчалагандай, бул маселеде «3+3» консультативдик аймактык платформасы (Азербайжан, Армения, Грузия плюс Россия, Иран, Түркия) пайдалуу.
Буга чейин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Арменияны активдүү куралдандыруу тенденциясына тынчсыздануусун билдирген. «Арменияны бул процесске жылдырган үчүнчү өлкөлөр бар», – деди ал. Байрамов мындай саясатты «өтө жалган» деп атап, ал аймактын коопсуздугу үчүн коркунучтуу экенин белгиледи.




















