Чектөө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө, ошондой эле Азербайжанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга тиешелүү. Тиешелүү жарлыкка Владимир Путин кол койду.
Жеке жактар үчүн 1 миллион рублдук чек белгиленди. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге көрсөтүлгөн өлкөлөргө суммасына карабастан накталай рубль алып чыгууга тыюу салынды.
Чектөө орус рублине гана эмес, белгиленген чектен ашкан суммага барабар болгон башка чет өлкөлүк валюталарга да жайылтылат.
Тыюу бузулган учурда жеке жактардан 1 миллион рублдан ашкан сумма, ал эми юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден алып чыгып бара жаткан акчанын толук көлөмү конфискацияланат.
Жарлыкта айрым өзгөчөлүктөр да каралган. Накталай акчаны белгилүү бир эл аралык аэропорттор аркылуу, бардык сумманын банктык эсептен алынганын тастыктаган документтер болгон учурда алып чыгууга уруксат берилет.
Ошондой эле чектөөлөр юридикалык жактардын транзиттик ташууларына жана чет өлкөлөрдөгү Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин камсыздоо үчүн рубль алып чыгууга жайылтылбайт.
Буга чейин, 2026-жылдын апрель айынан тартып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө накталай акча алып чыгууда 100 миң АКШ долларына барабар чек колдонулуп келген. Жаңы жарлык бул чекти кыйла төмөндөттү.
Бул чара капиталды мыйзамсыз чет өлкөгө чыгарууга каршы күрөшүүгө жана экономиканы «көмүскөдөн чыгарууга» багытталган.

















