Санариптик система күчүгөн маал экенине карабай, Россия өкмөтү 8-августта YouTube тиркемесин бөгөттөгөнү кабарланды.
YouTube тиркемеси Орусиянын бардак аймактарында иштебей же жай иштеп жатканын айтып, арызданган жарандардын катары көбөйүп жатат. Ал эми сентябрь айынан баштап толук иштебейт деген маалыматтар бар.
Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Роскомнадзор Орусияда Facebook тармагына кирүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алганы жарыяланып, бир катар ММКлар: РИА Новости, Sputnik, Russia Today, Lenta.ru жана Gazeta.ru сайттарынын аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектелгени айтылган.
Көп өтпөй, Apple жана Nike компаниялар Орусиядагы интернет-дүкөндөрүндө сатууну токтотту. Эки компания тең өз чечимдерин веб-сайттарында жарыялашкан. Мындан тышкары башка чет элдик ири компаниялар да Россияга интернет аркылуу соода-сатыгын токтоткону же чектөө киргизилгени маалымдалган.
Мындан тышкары, интернет аркылуу соода-сатык менен алектенген ири соодагерлер, анын ичненен ютуб каналынан акча тапкан бизнесмендер үчүн да көйгөй жаралбай койбойт.
Бирок Россия өзүн дүйнөлүк интернеттен бөлүп сала турганы да күмөн. Анткени, трафик алмашуу жабдыктары чет өлкөлөрдөн Орусияга, Орусиядан чет мамлекеттерди көздөй сигналдарды өткөрүп туруучу ири техникалык түйүн байланыштары бар. Мисалы, айрым маалыматтарга караганда ири трафик алмашуу борбору Москванын түштүгүндө жайгашып, Ростелекомго таандык экени айтылган. Анын үстүнө Орусияда 2019-жылы “суверенедүу интернет жөнүндө мыйзам” кабыл алынган. Эми бул мыйзам орусиялыктар үчүн канчалык деңгээлде иштеп берет, муну убакыт көрсөтөт.
Интернет желесинин чектелиши мигранттарга кандай таасир этет?
Дагы бир такталбаган божомолдуу маалыматка караганда, Орусияда жакында ватсап тиркемеси да өчүп, VPN аркылуу иштейт деген имиш кептер бар. Эгер, аталган тиркеме да өчө турган болсо, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанга олуттуу таасир этип, ыңгайсыз шарттар жаралышы толук мүмкүн. Бирок, интернет колдонуучулары “телеграмм тиркемесине өтөбүз” деп комментарий калтырышууда. Себеби, аталган үч өлкөнүн жарандары Россиянын аймактарында мигрант катары эмгектенип жүрүшөт.
Негизи эле интернет желесинде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн болсо, биринчи эле кезекте, мигранттардын үй-бүлөсү менен байланышы солгундайт. Акча которуулар азайышы мүмкүн. Анын үстүнө Россияга чыгып эмгектенген мигранттардын да катары азаят. Бул мамлекеттер ортосундагы эмгек келишимдерине кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши да мүмкүн.
Ансыз деле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары, айрыкча кыргызстандыктар азыр Европа мамлекеттерине чыгып, Улуу Британия, Норвегия, Германия, Англия сыктуу чоң мамлекеттерде ар кандай жумуштар менен камсыздалып иштеп жатышат. Буга биздин өкмөт да жакшы шарттарды түзүп берүүдө.
Анын үстүнө Европада санариптик системада көйгөй жок.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.


















