Орусияда 2026-2027- окуу жылдарына карата чет өлкөлүк жарандардын балдарын мектепке киргизүү үчүн жалпысынан 1800гө жакын арыз түшкөн, анын ичинен процедурага 335 бала гана кабыл алынган. Башкача айтканда орус тили боюнча сынактан чет өлкөлүк балдардын 19 % өтүп, калган 81%ы өтпөй калган.
Бул маалыматты Рособрнадзордун басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып ТАСС агенттиги жазды.
«Тестирлөө башталгандан бери катышууга 1762 арыз түшкөн. Алардын 81%ына документтерди кабыл алуудан баш тартылган. Баш тартуунун негизги себептери: документтердин толук эмес пакетин берүү, билим берүү мекемелеринде бош орундардын жоктугу, ошондой эле берилген документтерде жалган маалыматтардын аныкталгандыгы», – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тестирлөө процедурасына 335 адам киргизилген. Буга чейин тестирлөөгө 44 адам катышып, анын ичинен 27 адам – 61% тапшырманы аткарышкан, калгандары аткарышкан эмес.
Учурда тестирлөө 2356 уюмда жүргүзүлүүдө. Буга чейин Орусиянын он аймагында өткөрүлгөн.
«Анализдин биринчи жыйынтыктары чет өлкөлүк жарандарды орус мектептерине кабыл алуунун жаңы тартиби, аларды кабыл алуунун негиздүүлүгүн жөнгө салууга мүмкүндүк берерин көрсөттү», – деп белгиледи ведомствонун басма сөз кызматы.
Сыноо жөнүндө орус мектептеринде билимин улантууну пландаган жашы жете элек чет өлкөлүк жарандар үчүн орус тилин билүү деңгээлин текшерүү 2025-жылдын 1-апрелинен тарта киргизилген.
Тесттен өтпөй калуу орус мектептерине кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналат.
Биринчи класста тестирлөө оозеки түрдө гана өткөрүлсө, экинчи класстан баштап диагностикалык иштер окуу жана жазуу көндүмдөрүн текшерүү боюнча тапшырмалар менен толукталат. Ага ылайык, тестирлөө оозеки жана жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.
Орусиядагы жалпы билим берүү уюмдарынын талабына ылайык, текшерүүдөн тышкары, ата-энелер бир катар документтерди, анын ичинде арыз ээсинин өз ара мамилесин же баланын укуктарынын өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн, баланын өлкөдө болушунун мыйзамдуулугун жана анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Орусия Федерациясында болуу укугун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн, балада башка жугуштуу оорулардын, жугуштуу оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутундуну даярдоого милдеттүү.
«Бардык документтер орус тилинде же орус тилине күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет. Алар милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүшөт. Документтердин топтому толук болбосо, билим берүү уюму арызды карап туруп кайтарып берет», – деп белгиледи Рособрнадзор.



















