Орусияда 1-апрелден 15-июлга чейин өтө турган жазгы аскерге чакыруу кампаниясынын алкагында 160 миң жаран армияга чакырылат.
📌 31-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин бул боюнча жарлыкка кол койгонун «Медуза» басылмасы жазды.
📌 Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, электрондук чакыруу кагаздары («повестка») жарандардын «Госуслуги» порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлөт.
📌 Москвадагы чакырылуучулар mos.ru порталы аркылуу билдирме алышат.
📌 Кагаз түрүндөгү чакыруулар дагы эле юридикалык күчкө ээ экенин министрлик баса белгиледи.
👤 Кимдер аскерге чакырылат?
📌 Жаңы мыйзамдарга ылайык, Орусиянын 18 жаштан 30 жашка чейинки жарандары милдеттүү аскер кызматын өтөөгө чакырылат.
📌 2025-жылдагы чакыруу кампаниясы – 2011-жылдан берки эң ири кампания.
📌 Салыштыруу үчүн:
-
2024-жылы – 150 миң адам,
-
2023-жылы – 147 миң адам,
-
2022-жылы – 134,5 миң адам армияга чакырылган.
🔹 Аскерге чакыруу көлөмүнүн өсүшү – Путиндин армиянын санын көбөйтүү тууралуу буйруктарына байланыштуу.
🔹 2022-жылдын башында Орусияда 1 миллион аскер кызматкери бар болчу.
🔹 Учурда армиянын саны 1,5 миллионго жетти.
















