Орусиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө 638 миңден ашуун жашы жете элек мигрант бар жана алардын көпчүлүк бөлүгү билим алышпайт.
Бул тууралуу Мамлекеттик Думадагы жыйында ички иштер министринин орун басары Игорь Зубовдун билдиргенин Коммерсанть.ру басылмасы жазды.
Зубов кошумчалагандай, Москвада 80 миң 282 жашы жете элек чет элдик жарандар болсо, алардын ичинен 25 миң гана бала билим алат жана жалпы саны акырындык менен азайып баратат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары облустук жана муниципалдык билим берүү органдарын мигранттардын балдары боюнча маалыматтарды Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан.
Мындай маалыматтар орус тилин билүү боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын камтып, Билим берүү уюмуна кабыл алуу жана окуудан чыгаруу жөнүндө маалыматтар, көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген ата-энелердин билим берүү уюмуна кайрылуусу боюнча маалыматтар киргизилген.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын декабрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын балдары орус тилин жетишээрлик деңгээлде билбесе өлкөнүн мектептерине кабыл алууга тыюу салган мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген.



















