Орусия Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каза болгон 1200 аскер кызматкерлеринин сөөгүн Украинага өткөрүп берүүнүн экинчи этабын бүтүрдү. Бирок Киев орус тарапка өткөргөн жок.
Бул маалыматты РИА новости агенттигине булак билдирди.
“Орусия Украинага курман болгон 1200 жоокердин сөөгүн өткөрүп берди”,- деген булак.
Агенттиктин маектеши Украина Орусия тарапка бир дагы каза болгондордун сөөгүн өткөрө электигин, бирок Москва Стамбулдагы келишимдерди аткарууну улантып жатканын билдирген.
Буга чейин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский Москва Киевге 1212 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 27 каза болгон жоокерин кабыл алганын билдирген.
Эскерте кетсек, 2-июнда өткөн Стамбулдагы Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча тараптар “1000ге 1000” формуласы боюнча кеңири масштабдагы согуш туткундарын алмашууну, ошондой эле тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн алардын шарттары жазылган меморандумду иштеп чыгууну макулдашканы расмий жарыяланган.
Тараптар гуманитардык маселелер боюнча, анын ичинде жарадарлардын, оор оорулуулардын жана 25 жашка чейинкилердин арасындагы согуш туткундарынын
жалпы алмашуу лимитин 1000 адамдан кем эмес макулдашууга жетишишкен.
Ал эми Орусия Киевге 6000 украин жоокеринин сөөгүн бир тараптуу өткөрүп берүү планын билдирген.



















