2025-жылдын 1-апрелинен тарта бүткүл Орусия боюнча мектепке кабыл алуу үчүн мигранттардын балдарынын орус тилин билүүсүнө тестирлөө башталат.
Бул боюнча Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Чернышенко РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
«Рособрнадзор азыр методикалык материалдарды жана тестирлөө системаларын менен баалоо критерийлерин даярдоону аяктап жатат. Анткени биз баардык класстар үчүн ар кандай деңгээлдеги тестирлөө талап кылынарын түшүнөбүз, мындай иш кийинки жылдын 1-апрелинен тарта өлкөнүн бардык окуу жайларында системалуу түрдө иштелип чыгат», – деди ал.
Буга чейин Мамлекеттик Дума орус тилин билбеген мигранттардын балдарын мектептерге кабыл алууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Эми алар тилди билүү деңгээлин көрсөткөн тесттен өтүшү керек. Билим берүү министрлиги балдарды текшерүү мамлекеттик же муниципалдык уюмда бекер жүргүзүлөрүн тактады.
Эскерте кетсек, 11-декабрда Орусиянын Мамлекеттик думасы орус тилин жетиштүү деңгээлде билбеген чет элдик балдарды мектептерге алууга тыюу салган мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алган.
Парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Вячеслав Володин 409 депутат документти колдогонун, бирөө каршы добуш бергенин Телеграм-каналына жазган.
Жаңы жобого ылайык, балдарды мектепке алуу алдында алар орус тилинен бекер сынак тапшырууга тийиш. Андан тышкары баланын үй-бүлөсү Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздары текшерилет.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин мигранттардын орус тилин билбеген же начар билген балдары менен иштөө алгоритмин даярдоо жана орус тилин, Орусия элин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу мекемесине эмгек мигранттарынын орус тилин билүүсү боюнча талаптарды аныктоону буйруган.



















