23-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самаркандда иш сапары менен жүргөн Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштаган делегацияны кабыл алды.
Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Ш. Мирзиёев С. Лавров менен өткөн жылы 10 миллиард доллардан ашкан соода жүгүртүүнүн өсүшү жана инвестиция, ошондой эле маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана туризм тармагындагы кызматташууну талкуулады.
Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруу контекстинде стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди чыңдоонун актуалдуу маселелери да каралды.
Маалыматта белгиленгендей, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүүсү 2024-жылга карата 10 миллиард доллардан ашкан.
Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Өзбекстанда Орусиянын катышуусу менен 3000ден ашык ишкана иштейт. Бул өлкөдө иштеп жаткан чет элдик капиталдын катышуусу менен иштеген ишканалардын 22 %ын түзөт.
Өзбекстандын экономикасында РФнын инвестициясы 13 миллиард доллардан ашты. Орусиянын катышуусу менен 115 инвестициялык долбоор, ошондой эле ар кандай товарларды жеткирүүнү уюштуруу боюнча 37 долбоор ишке ашырылууда.
Ошондой эле орусиялык ритейлерлер менен электрондук соода компаниялары, Magnit, Ozon жана Wildberries Өзбекстанда өздөрүнүн катышуусун өнүктүрүүдө.


















