25-майда Стамбулдагы эки тараптуу жетишилген келишимдерге ылайык, Орусия менен Украинанын ортосунда «1000ге 1000» деген формула боюнча туткундарды алмаштыруу аяктады.
Мындай алмашуу процесси үстүбүздөгү жылдын 16-майында Стамбулда жетишилген орус-украин макулдашууларына ылайык жүргүзүлгөн.
Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып РИА новости жазды.
Белгиленгендей, орусиялык 270 аскер кызматкери жана 120 жай тургун туткундуктан бошотулса, Киевге 270 аскер кызматкерин жана 120 жаран өткөрүп берилген.
Ошол эле учурда 25-майда дагы эки тараптуу 303 жоокерге алмашуу болду.
Орус аскерлери жана туткундан бошотулган жарандарга алгачкы психологиялык жана медициналык жардам Беларуста көрсөтүлгөн. Эми алар медициналык мекемелеринде дарыланып, реабилитацияланышат.
Бул айырбаштоо жараянын аягына чыккандыгын Украина тарап дагы билдирди.
Бирок алмашуу жүрүп жаткан үч күн ичинде Украинанын бир нече аймагын Орусия түнкүсүн ракета жана дрон менен аткыланган. Мунун натыйждасында жекшембиге караган түнкү чабуулдардан кеминде 12 адам каза болуп, 70ке жакын киши жараат алган.
Ошол эле учурда Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Орусиянын борбор калаасында төрт аэропортто учактардын учуп-конуусуна чектөө киргизилгендигин жана шаарды көздөй учкан бир нече учкучсуз учак атып түшүрүлгөндүгүн кабарлады. Анын билдиришинче, тийиштүү кызматтар дрон сыныгы түшкөн жерлерде иштеп жаткандыгын, адамдар арасында жабыркагандар жок экенин айтты.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын дрондору жалпысынан сегиз аймакты бутага алганын билдирди.
Бул аралыкта украин президенти жарандарынын кайтарылып жаткандыгы боюнча өзүнүн Telegram каналы аркылуу жарыялаган.
«Биз адамдарыбызды үйүнө кайтарып жатабыз. 1000ге 1000 туткун айырбаштоо тууралуу келишимдин биринчи бөлүгү ишке ашты», – деп жазды ал.
Украина тарап Москва макул болсо туткундардын бирин калтырбай, баарын айырбаштоого макул экенин айтууда. Анткени туткундардын арасында үч жылдан бери абакта кармалып тургандары да бар.
Алмашылган орус жооркерлердин бири алмашууну жашоосундагы эң жакшы күн деп атады.
«Алар мени мыкаачылык менен сабашты, кемсинтишти, аны эстегим да келбейт», – дейт жоокер.
Анын айтымында, туткунда кармалып турган жердин абасы кургак, бөлмө туюк болгон.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова министрлик туткундарды алмаштыруу орус тараптын демилгеси менен эң кыска мөөнөттө ишке ашырылганын билдирген.
Анын айтымында, 2025-жылы буга чейин беш жолу туткун алмашуу болгон.
Январь айында «25ке 25» алмашуу, февралда БАЭнин ортомчулугу менен «150дөн 150гө», мартта – «175тен 175ке» алмашуу болсо, апрель айында 246 орус аскери мекенине кайткан. Ошол эле маалда ушул эле сандагы украин аскерлери украин тарапка өткөрүлүп берилген.

















