Орусия Иранга аскердик жана башка жардам көрсөтөт, анткени эки өлкөнүн ортосунда келишим бар жана бул маселе Орусиянын коопсуздугуна да тиешелүү. Бул тууралуу депутат Андрей Колесник «Лента.ру» басылмасына берген маегинде билдирди.
Буга чейин Батыштагы Military Watch Magazine (MWM) журналы Тегерандын үстүндө учуп жүргөн Як-130 окуу-согуштук учактары Ирандын Орусиядан жаңы истребителдерди алууга даярданып жатканын көрсөтүшү мүмкүн экенин жазган.
Депутаттын айтымында, Орусия Ирандагы согуштук аймакка өз аскерлерин жөнөтпөйт. Бирок жардам катары керектүү техника жана авиация жиберилиши мүмкүн. Алардын саны жана курамы өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан аныкталарын парламентарий белгиледи.
«Орусия кандай болгон күндө да жардам берет. Бул биздин коопсуздугубузга да тиешелүү. Көрдүңүздөр, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга канча өлкө тартылып кетти? Биздин өлкө Ирандын жок кылынуусуна жол бере албайт. Биздин С-300 комплекстери ал жакта мурунтан эле бар. Балким андан да заманбап системаларды жибериши мүмкүн. Бул өлкөнүн жогорку жетекчилигинин чечими», — деди Колесник.
Буга чейин «Военная хроника» Telegram-каналы Тегерандын үстүндө МиГ-29А истребителдери жана Як-130 окуу-согуштук учактары байкалганын кабарлаган.
Ал эми январь айында «Военный осведомитель» Telegram-каналы Иранга жеткирилген орусиялык Ми-28НЭ сокку уруучу тик учактарынын сүрөттөрү жарыяланганын билдирген.

















