Crew-7 миссиясынын экипажы Crew Dragon кемеси менен Эл аралык космостук станциядан (ЭКС) Жерге кайтып келди.
“Биздин экипаж Флорида штатындагы Пенсакола шаарынын жээгине таңкы саат 5.47де (Москва убактысы боюнча 12.47) келип түштү”, – деп айтылат НАСАнын Х социалдык тармактагы баракчасында.
#Crew7 is ready for pickup!
Our crew splashed down off the coast of Pensacola, Florida at 5:47am ET (0947 UTC). Next, they’ll sit tight inside Dragon Endurance as recovery crews safely rendezvous with the spacecraft. pic.twitter.com/38GnnchdhV
— NASA (@NASA) March 12, 2024
Орбитада 197 күн жүргөн Crew-7 экипажында “Роскосмостун” космонавты Константин Борисов, америкалык астронавт Жасмин Могбели, Европалык космостук агенттиктин (ESA) астронавты Андреас Могенсен жана Япониянын Аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин (JAXA) астронавты Сатоси Фурукава бар.
Экипаж Космоско былтыр август айында барган.
LIVE: Tune in for a splashdown.#Crew7 is heading home after six months of science and discovery on the @Space_Station. Watch with us from reentry to recovery. https://t.co/2I5jf6rKLl
— NASA (@NASA) March 12, 2024
Эл аралык космостук станцияда россиялык Олег Кононенко, Николай Чуб жана Александр Гребенкин, ошондой эле астронавттар Лорал О’Хара, Мэттью Доминик, Майкл Барратт жана Жанетт Эппс калды.
Россиялык космонавттардын америкалык Crew Dragon кемесинин бортунда учушу АКШ менен Россиянын ортосундагы Эл аралык космостук станцияга кайчылаш учуулар боюнча келишимдин алкагында болгон. Роскосмос менен НАСАнын ортосунда түзүлгөн келишимде россиялык кеменин экипажы Эл аралык космостук станцияга бир америкалык астронавтты, ал эми америкалык космостук кеменин экипажында бир россиялык космонавт болоору белгиленген.
Келишимдин алкагында, 2022-жылдын сентябрында “Союз МС-22” кемесинин экипажы менен америкалык астронавт Фрэнк Рубио Эл аралык космос станциясына учкан. Бир-эки аптадан кийин Эл аралык космос станциясына россиялык автронавт Анна Кикина Crew Dragon менен учурулган.
Роскосмос менен НАСАнын келишими 2025-жылга узартылган.



















