ОПЕК+ АКШнын санкцияларынын айынан орус мунайынын ири көлөмдөрү базардан чыгып кетиши мүмкүн деген божомолго баа берди.
Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК+) АКШнын кезектеги санкцияларынан улам жакынкы келечекте орус мунайынын чоң көлөмдөрү базардан чыгып кетет деп күтпөйт. Бул тууралуу BRIEF-мир Telegram-каналы жазды.
Energy Aspects изилдөө компаниясынын анализине ылайык, санкциялар күнүнө 1,4 миллиондон 2,6 миллион баррелге чейинки орус чийки мунайынын көлөмүнө таасир этиши мүмкүн, ал эми эң катуу таасир Индиянын импортуна тийет.
Бирок буга карабастан, рынок санкциялар орус мунайынын агымына тоскоол болот дегенге ишенбей турат. Анткени Москва 2022-жылдан бери мунай экспортун көзөмөлдөөгө жасалган аракеттерге каршы туруучу кеңири структураларды түзгөн.
Rystad Energy изилдөө компаниясынын эксперти азырынча санкциялардын кесепетин баалоо эрте экенин белгиледи. Азыркы учурда экспорт көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон калууда. Абалды үч-төрт айдан кийин баалоо туура болот.
Мурда белгилүү болгондой, ОПЕК+ уюмунун сегиз алдыңкы өлкөсү быйылкы жылдын декабрь айында мунай өндүрүүнү көбөйтүү чечимин кабыл алышкан. Ошентип, 2025-жылдын акыркы айында Россиянын мунай өндүрүү квотасы суткасына 9,574 миллион баррелди түзөт.


















