Казакстан ОПЕК+ келишимин колдойт жана дүйнөлүк мунай рыногунда туруктуулукту сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр.
Бул тууралуу Астанада Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов менен ОПЕКтин башкы катчысы Хайтам Алгайстын жолугушуусунда сүйлөшүлгөнүн Sputnik агенттиги жазды.
“Эки тарап 8 өлкөнүн жолугушуусунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктарын жана жетишилген макулдашууларды жогору баалашкан”, – деп айтылат маалыматта.
Казакстан өндүрүүчүлөрдүн, керектөөчүлөрдүн жана бүтүндөй дүйнөлүк экономиканын кызыкчылыгында дүйнөлүк рынокто туруктуулукту бекемдөөгө умтулуусун баса белгилеп, ОПЕК жана келишимге мүчө мамлекеттер менен мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Орусия, Сауд Арабия, Ирак, БАЭ, Кувейт, Казакстан, Алжир жана Оман кирген сегиз өлкөдөн турган ОПЕК+ мунай өндүрүүнү июль айында көбөйтүүнү улантууну чечти.



















