Ооганстан өз аймагында башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Американын аскердик болушун кабыл албайт.
Бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси Закир Жалали билдиргенин Pajhwok агенттиги маалымдады.
“Ооган эли өзүнүн тарыхында өз аймагында башка мамлекеттердин аскерий болушун эч качан кабыл алган эмес жана бул мүмкүнчүлүк Дохадагы сүйлөшүүлөрдө жана келишимге кол коюуда (АКШ жана анын союздаштары бардык аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү боюнча — ред.) четке кагылган”, — деди ал.
Жалали муну менен АКШнын президенти Дональд Трамптын “Баграмдагы” мурдагы америкалык авиабазаны кайра көзөмөлгө алууга кызыкдар экени тууралуу сөзүнө жооп берди.
Ошол эле учурда чиновник Ооганстан АКШ менен кызматташууга ачык экенин баса белгилеп, мындай мамиле өз ара урматтоого жана эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарына негизделиши керектигин кошумчалады.
18-сентябрда Дональд Трамп АКШ Ооганстандагы “Баграм” авиабазасын кайра көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын билдирген. 2001–2021-жылдары Баграмдагы аэродром АКШ башында турган эл аралык коалициянын эң ири аскерий базасы болуп кызмат кылган. 2021-жылдын 1-июлунда америкалык аскерлер базаны таштап чыгып, 15-августта ал “Талибан” кыймылынын көзөмөлүнө өткөн.















