Ооганстандын Ташкенттеги элчилиги “Талибан” өкмөтүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу AIP ооган агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, “Талибан” кыймылы түзгөн өкмөт өз өкүлдөрүн Ташкентке жөнөтүп, ал жерде расмий иш-чара өттү. Азырынча Өзбекстан бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Жарым жыл мурда Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ооган элчилигинин өкүлү катары Ташкентке Маулви Магфурулла Шахабды жөнөткөнү кабарланган. Кийинчерээк ооган ТИМи ал элчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын билдирген. Эки күн мурда Маулви элчиликтин кызматкерлерине элчи катары расмий тааныштырылды. Эми ал Өзбекстанда расмий жолугушууларды өткөрүүгө жана элчиликтин ишин алып барууга жооп берет.
Маулви Магфурулла Шахаб элчилик кызматка мурдагы элчи Ахмаж Халид Элминин ыйгарым укуктары аяктагандан кийин киришти.
Маулви Магфурулла Шахаб — Ооганстандын азыркы тоо-кен өнөр жайы жана мунай министри Маулви Шахабуддин Дилавардын уулу.
Бүгүнкү күнгө карата “Талибан” өкмөтү 17 өлкөгө өз өкүлдөрүн жөнөткөнү белгилүү.
Ооганстандын Тажикстандагы элчилиги талибдерге өткөрүлүп бериле элек. Бирок бир канча убакыт мурда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү Ооганстандын Бадахшандагы (Тажикстан) консулдугуна барганы маалымдалган.
Буга чейин дүйнөдөгү бир нече өлкө өз дипломаттарын Ооганстанга жөнөткөн. 3-февралда ЖМКлар АКШ да Кабулдагы консулдук ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү маселесин караштырып жатканын кабарлашкан.
Өткөн аптада Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизов Кабулга барып, “Талибан” өкмөтүнүн убактылуу коргоо министри Мохаммад Якуб менен жолуккан. “Толо ньюс” агенттиги 1-февралдагы бул жолугушууда тараптар өз ара мамилелерди бекемдөө маселесин талкуулаганын маалымдаган. “Мухаммад Якуб ооган өкмөтү өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди”, – деп жазган агенттик.
2023-жылы мартта талибдердин өкүлдөрү Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абулазиз Комилов менен Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашевди кабыл алышкан. Расмий билдирүүлөрдө өзбек тарап “Талибан” кыймылына саясат, экономика жана коопсуздук тармактарында өз колдоосун сунуштаганы кабарланган.
2023-жылы октябрда өзбек премьер-министринин орун басары Жамшид Хожаев баштаган Өзбекстандын делегациясы Ооганстанга барган. Анда “Талибан” өкмөтү ооган товарларын Өзбекстан аркылуу ташуудагы төлөмдү азайтууну өтүнгөн. Тараптар жылдык сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга чейин жеткирүү ниеттерин да билдиришкен.


















