Ооганстанда бийликте турган “Талибан” кыймылы Кабулда жана башка провинцияларда сулуулук салондорунун иштешине тыюу салды.
Бул туурасында Ооганстандын адеп-ахлак министрлигинин Кабулдун муниципалитетине жөнөткөн катында айтылат.
“Кабул шаарынын жана өлкөнүн провинцияларынын деңгээлиндеги аялдардын сулуулук салондоруна белгилүү мөөнөттөн кийин белгилүү бир мөөнөттө иштөөгө тыюу салынат, берилген лицензиялар жана келишимдер жараксыз”, — деп айтылат катта.
Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы Твиттердеги баракчасында талиптерди Кабулдагы жана Ооганстандын башка провинцияларындагы сулуулук салондоруна киргизилген жаңы тыюуну алып салууга чакырды.
“Аялдардын укуктарына коюлган бул жаңы чектөө экономикага терс таасирин тийгизет жана аялдардын ишкердигин колдоо боюнча жарыяланган маалыматтарга карама-каршы келет”, – деп айтылат уюмдум маалыматында.
Эске салсак, январь айында “Al-Arabiya” телеканалы өз булактарына таянуу менен талиптер өлкөдөгү аялдардын сулуулук салондорун жабууга он күндүк мөөнөт коюп, аялдарга соода борборлорунда иштөөгө тыюу салганын кабарлаган. Бирок саясий кеңсенин жетекчиси Сухель Шахин бул маалыматты четке каккан.
Талиптер 2021-жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан.
2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талиптердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген.
Мындан тышкары, жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.
Андан соң Билим берүү министрлиги студент кыздардын мамлекеттик жана жеке университеттерде окуусуна тыюу салган.
Министрлик кыздардын светтик университеттерде билим алуусу исламдын мыйзамдарын бузуп, ислам салттарына каршы келерин билдирген.
Декабрдын соңунда аялдарга улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салынган.