Ооганстан өкмөтүнүн жетекчилиги Иран өкмөтүнө, элине жана лидери Аятолла Али Хаменеиге президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтууда.
“Биз бул кайгыны Иран жана анын эли менен бирге бөлүшөбүз жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, Ирандын эине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз”, – деди премьер-министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахунд.
Ал Иран президентинин жана Тышкы иштер министринин өлүмүн бул өлкө үчүн “чоң жоготуу” деп атаган.
Мындан тышкары, Иран элине көңүл айтып, колдоо сөздөрүн айткандардын арасында премьер-министрдин саясий маселелер боюнча орун басары Мавлави Абдул-Кабир, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Мотаги, Ооганстандагы “Ахли Бейт” уюмунун жооптуу адамы Сейед Хоссейн Алами Балхи, саясатчы Сейед Хасан Сафаи, Ооганстандын Бириккен Ислам партиясынын лидери Вахидулла Сабавон, Ооганстандын интеллектуалдык кыймылы форумунун жетекчиси Сейед Мохаммад Реза Мисбах, Ислам кыймылынын Жогорку кеңешинин башчысы доктор Мохаммад Ариф Шахжехан, Ислам бир туугандар кеңешинин депутаты (Сарпуль провинциясы) Сейед Хасан Алами, Пайгамбар фондунун президенти Сейед Хоссейн Хади бар.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан 19-майда авиакырсыкта каза тапкан. Алар жана делегация мүчөлөрү барткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн.
20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.
Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.
Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар болгон жок.
Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.


















