Ооганстан Аму-Дарыя бассейниндеги кендеги суткалык мунай өндүрүүнү 3 миң тоннага чейин көбөйтүү үчүн 25 жаңы скважинаны бургулоого ниеттенүүдө, деп билдирет TOLOnews маалымат агенттиги.
Учурда кенде 24 скважина иштеп, алардан суткасына орто эсеп менен 1300 тонна мунай өндүрүлөт. Алынган мунайдын баары өлкөнүн ичинде кайра иштетилип, андан алынган мунай продуктылары ички рынокко чыгарылат.
Учурда Ооганстан мунайга болгон муктаждыгынын 10%ын гана ички ресурстардын эсебинен камсыздай алат. Эксперттер жаңы скважиналарды бургулоо үчүн ооган тарап инвесторлорду тартууну жана чет элдик жеткирүүчүлөрдөн жабдууларды алууну пландап жатканын белгилешүүдө.



















