Окумуштуулар GPNMB белогу инфаркттан кийин жүрөктү калыбына келтирүүдө маанилүү ролду ойноорун аныкташты.
Изилдөөнүн жыйынтыгы Nature Cardiovascular Research журналында жарыяланды.
Инфаркттан кийин жүрөк дээрлик калыбына келбейт, жабыркаган булчуңдардын ордун тырыктар түзөт. Бул жүрөк жетишсиздигине алып келет: жүрөк канды эффективдүү айдай албайт, анткени тырыктар булчуңдардай жыйрылбайт. Мурунку изилдөөлөр GPNMB протеининин жогорку деңгээли инфаркттан кийин жүрөктүн жетишсиздигинин (сердечной недостаточности) тобокелчилигин азайтышы мүмкүн экенин көрсөткөн.
Чычкандарга жасалган жаңы экспериментте биологдор сөөк чучугундагы иммундук клеткалар GPNMB белогун чыгарарын көрсөтүштү. Анын GPR39 молекуласы менен байланышы жүрөктүн калыбына келишине өбөлгө түзөт. Индукцияланган инфаркттан бир ай өткөндөн кийин, GPNMB белогу жок жаныбарлардын 67%да жана белоктун нормалдуу деңгээли бар жаныбарлардын 8%ында катуу жүрөк тырыктары байкалган.
Келечекте GPR39 молекуласы инфаркттан кийин жүрөктү калыбына келтирүүчү дарылардын бутасы болуп калышы мүмкүн.




















