13-апрелде, облустук гезиттерди жоюу тууралуу Министрлер Кабинети чыгарган токтом долбоорунун коомдук талкуусу аягына чыкты. Эми кандай чечим кабыл алынат деген маселе коомчулукту ойлондуруп турат.
Айрыкча облустук гезиттердин кызматкерлерин. Дегеле азыркы коомдо гезиттин канчалык актуалдуулугу бар жана ал канчалык деңгээлде зарыл деген маселе турат. Алдыда ушул маселени талдап көрүүгө аракет кылабыз.
Эсиңизде болсо керек, КР Министрлер Кабинети ушул жылдын 13-мартында облустук гезиттерди жоюу жөнүндө токтом долбоорун коомчулуктун талкуусуна чыгарган. Анда КР Жарандык кодексинин 96-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык даярдалган. Ага ылайык, өлкөдөгү мамлекеттик 12 гезиттин редакциясы жоюлмакчы. Жоюу боюнча юстиция органдарында каттоо жүргүзүлүп, иштен бошогон кызматкерлерине иштен чыгуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларын төлөө үчүн акча каражаттарын бөлүү каралган. Бир айга коомдук талкууга чыккан токтом долбооруна кол коюлса, анда расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ошентип токтом долбоору коомчулуктун талкуусуна чыгып, өткөн кылымдагы согуш жылдарында да чыгып келген облустук гезиттер эми биротоло жабылуу кооптуулугу тооруп турат. Бирок МинКаб чыгарган токтом долбоорунда гезиттерди эмне себептен жабуу себептери ачык көрсөтүлбөй калды. Ошондуктан, бул жерде терең суроо жаратат. Анткен менен мындай пикир эмнеден улам жаралганына анализ жасап көрсөк болот.
Беш жыл башта Маданият жана маалымат министрлиги облустук гезиттерди облустук телерадиокомпанияларга кошуп, ар бир областта бирден медиа борбор түзгөн. Анын максаты – мамлекеттик маалымат каражаттарында бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүү жана эң негизгиси – азыркы санариптешкен заманда маалыматтарды гезитте эле калтырбай, аларды визаулдаштырып, социалдык тармактар аркылуу интернетти багындыруу болгон. Бирок тилекке каршы бул максаттар обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам ишке ашпай калды. Анын ордуна облустук гезиттердин жамааттары президентке чейин кат жазып жүрүшүп, 2023-жылдын башынан тартып, өз алдынча болуп бөлүнүп чыгышты. Анын үстүнө КТРКнын статусу УТРК болуп өзгөргөндөн кийин облустук медиа борборбор өлкөнүн биринчи каналынын курамына кошулуп кетти.
Өз алдынча болуп кайра түзүлгөн облустук гезиттерге мамлекет тарабынан эми жакшы көңүл бурулат деп, бюджетин бекитип, штаттык бирдиги менен айлыктарын көбөйтүп, кызматтык автоунаа берип, мурунку башкы редакторолрунан жаңыларына алмаштырып, мындан ары интернетте да катырабыз деп турушкан. Бирок мындан аз өтпөй, жоюлат деген токтом долбоору чыгышы – редакциялардын кызматкерлеринин жүзүнө муздак суу чачкандай болду. Айрыкча башкы редактор болуп дайындалып, өнүгүү үчүн алдыга көптөгөн пландар менен изги тилектерди коюп жаткан жетекчилер жаакка жегендей болду. Жаңы редакторлор келгенине алды эки ай, арты бир ай боло элек болчу. Эгерде гезиттерди жоюу тууралуу алдын ала планы болсо, бул жумуштарды жасабай туруп деле жоюп салбайт беле деген ой келет. Ансыз деле буга чейин редакциялардын материалдык-техникалык базасы таптакыр каралбай, көңүл сыртында калып калган.
Бирок облустук гезиттер жоюлбаш керек! Эмнеге? Реалдуу чындык менен бет келели. Ооба, азыр гезиттердин актуалдуулугу жоголду дешет. Өлкөдөгү гезиттерге бюджеттен млн.догон сом акча каражаттары коротулуп жатканына карабай, окумдуу материалдар дээрлик аз, оперативдүүлүк жокко эсе, соц. тармактарда иш алып барбайт деген сындар бар. Буга макул дейли. Бирок буларга жараша өзүнүн конструктивдүү жооптору бар да.
Гезиттер бюджеттен коротулуп жаткан акчанын дээрлик жарымынан көбүн кайра таап берип келишкен. Муну да ойлоп коюш керек. Окумдуу материалдар аз болушу мүмкүн, бирок гезитке оперативдүүлүк деген анчалык жакын эмес. Гезиттин табияты ушундай экен да, жумасын бир жолу чыгат. Гезитте салмактуу ойлор камтылган макалалар, баяндар, маанилүү маектер, илимий изилдөөлөр, тарыхий маалыматтар басылыш керек. Адамды альтернативалуу ой жүгүртүүгө түрткөн памфлеттер, калыс сындар жарыяланышы зарыл. Муну менен гезит – коом агартуу милдетин аткарса, эл – гезиттен күткөн руханий азыгын алып, өз ара тыгыз байланыш түзүлөт. Ал эми соц. тармактар менен мындан кийин катыра иштейли деген пландарды жаңы келген бардык редакторлор негизги тапшырмасы кылып алышкан.
Негизи гезит элге керек. Эң эле жөнөкөй мисал: эгер гезит жабылса, жарандарга документтеринин жоголгону тууралуу жарыяны чыгарууга ыңгайсыздык жаралат. Шайлоодо гезит аркылуу жарнама берүү, райондук, шаардык, облустук мекемелердин макалалары, отчеттору, чыгармачыл адамдардын чыгармалары гезит менен жүрөт. Гезит окуп көнүп калган жарандар бар, алардын руханий муктаждыгын канааттандырып туруу зарыл. Ал эми анын өтүмдүүлүгү менен актуалдуулугун камсыздоо редакциянын мыкты жамаатында жана аны окуган окурмандарда. Кыскасы, айта берсе сөз көп. Ошондуктан азырынча биздин коомдо гезиттин орду бар, бир гана аны туура пайдаланып, өнүктүрүү керек!
Азыр гезиттерди айрым жөнөкөй жарандардан тартып, коомдук, саясий, маданий ишмерлер колдоп жатышат. Алар элдин баары эле телефон кармап отурбаганын, гезиттин коомдогу орду чоң экенин айтышууда. Бирок эң таң калыштуу жагдай, Кыргызстан журналисттер союзунан башка медиа уюмдардын бири да тилектештигин билдирип, үн катып коюшкан жок. Өлкөдө бул тармакта иш алып барышкан көз карандысыз медиа уюмдары толуп жатат. Аларга көз карандысыз медианын гана иши маанилүү бекен? Болбосо алардын ишмердүүлүгүнө да мамлекет уруксат бергендиктен иштеп жатышат го…
Жалпылап айтканда, гезит – коомго керек! Ал жашаш керек!
Асанбек Каракозуев, “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору



















